Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчисинин орун басары Бакыт Калмуратовду ээлеген кызматынан четтетти.

 

Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. 

 

Маалыматка караганда Мухаммедкалый Абылгазиев териштирүү учурунда Бакыт Калмуратовдун дарегине айтылган айыптоолорго байланыштуу укук коргоо органдары адилет жана калыс тергөө жүргүзүүлөрү керек деп эсептейт.