Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдык мааракесине карата Майлуу-Суу шаарындагы Борбордук Азия Колледжинде студенттер менен жергиликтүү милиция кызматкерлери жолугушту. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка караганда милиция тарабынан демилгеленген иш-чарага Майлуу-Суу ШИИБнин жетекчилиги, шаардын имамы, мэрия жана социалдык коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрү, активдүү студенттер жана мугалимдер катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз милициясынын тарыхы жана бул убакыттар аралыгындагы басып өткөн жолу тууралуу маалыматтар берилди. Мындан сырткары студенттер менен биргеликте кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган атайын конференция өткөрүлдү.

 

Милиция кызматкерлери жаштарды мекенчилдикке чакырып, ар кандай кылмыш, кырсыктардан алыс болуп, татыктуу билим алууга үндөштү.