Ушу тапта Кыргызстандагы айыл өкмөттөрүнүн 80 пайызы дотацияда отурат. Ошондон улам, аларга республикалык бюджеттен жылына 2 млрд сом сом көлөмүндө дотация жана 600 млн сом өлчөмүндө түрткү берүүчү гранттык каражат берилет. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этиникалык топтор аралык агенттигинин директору Бахтияр Салиев Жогорку Кеӊеште “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы тууралуу маалымат угулуп жатканда билдирди.

 

Депутат Кенжебек Бокоев мыйзамга ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн тартылган адистерге эмгек акы республикалык бюджеттен төлөнүшү керектигин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этиникалык топтор аралык агенттигинин эсине салды.

 

«Тилекке каршы, мындай мыйзам талабы азыркыга чейин аткарылган жок. Азыр адистердин маянасы жергиликтүү бюджеттен төлөнүп жатат. Өкмөт билмексен-көрмөксөнгө салбашы керек», - деди ал.

 

Белгилей кетсек, азыркы учурда Кыргызстанда 40 район, 31 шаар, 453 айыл аймагы бар. Азыр алардын 80 пайызы дотацияда отургандыктан, республикалык бюджет аркылуу каржыланып келет. Өкмөт тарабынан айыл өкмөттөрүнө мүлк жана жер салыктарын, ошондой эле патенттик төлөмдөрдү жыйноо сындуу бир катар мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген.