Бул тууралуу Мамлекеттик Бажы кызматынан кабарлашты. Мобилдик телефондор чек арадан Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаанын салону менен багажынан табылган.
Айтмакчы, 14-октябрь күнү Бажы кызматынын өкүлдөрү Чек арадан Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Аны тинтүү маалында салон менен багажынан уюлдук жабдыктар табылган. Ал эми айдоочунун жанында товар үчүн документтери дегеле болгон эмес.
Жүктүн жалпы наркы - 1 миллион 540 миң сом деп бааланды. Ушул тапта сотко чейинки териштирүү жараяны жүрүп жатат.
Булак: “Майдан. kg” гезити