Россиянын президенти Владимир Путин 14-октябрда Сауд Аравияга болгон иш сапарында Сауд Аравиянын королу Салману бен Абдель Азиз Аль Саудка камчат шумкарын белекке берди. Бул шумкар Ысык- Көлдө жайгашкан “Мурас” кыргыз-орусиялык шумкар борборунда өстүрүлгөн.
Борбордун жетекчиси Шухрат Разаков шумкар абдан акылдуу канаттуу экенин белгиледи. Ошондуктан ал араб хандыгында Альфа шумкары сүйүктүүгө айланаарынан күмөн санабайт. Шумкарды тартуулоо учурунда ал тынчсызданып, чоочун жайга көнө албаганынанбы ак сарайдын полуна керектүү нерсени жасап жиберген. А катышуучулар шумкардын мындай "тентектигин" көрмөксөнгө салышкан. Ал эми король канаттуунун төшүнөн сылап жактыргандай башын ийкеген.