Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча иштин негизинде Россиянын тергөо кызматы анын эжеси Яха Батукаеваны суракка алды. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев билдирди. 

 

"Яха Батукаева кримтөбөлдүн бошотулушу боюнча сотко чейинки өндүрүштүн негизинде суракка алышты. Аны суракка алууга Россиянын тергөө кызматы менен бирге кыргызстандык тергөөчү да катышты. Сурак Россияда болду, анткен менен кримтөбөлдүн өзү суракка алынбады. Эжеси кылмышка катышкан адамды так айтып берген эмес. Ал ооруп жаткан инисин бошотуп, өлкөдөн чыгарып кетүү үчүн ар кандай чараларды көргөнүн гана айткан", - деди адвокат.