Кой-Таштагы окуяны иликтеген мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү Атамбаевдин үйүнүн аймагына кире алышкан жок. Бул тууралуу комиссия мүчөсү Артур Медетбеков билдирди. 

 

"Мамлекеттик комиссия калыстыкты жана тең салмактуулукту сактап иштеп жатат. Окуянын бардык тараптагы күбөлөрүнүн пикири эске алынды. Кой-Таш жана Арашан айылындагы тургундар менен жолугушуп, алардын милиция менен кагылышуудан жабыркаган үйлөрүн көрүп андан кийин Атамбаевдин үйүнө бардык. Бирок бизди кайтаруучу киргизген жок. Бирок мындан трагедия издеп болбойт. Ансыз деле материалдар жетиштүү", - деди Медетбеков. 

 

 Айтымында аталган айылдын тургундары комиссия мүчөлөрүн начар кабыл алышкан. Дайыма аларды айыптап терс пикирлерин билдирип жатышты.