Бул иш же 2014-жылы “Манас” аэропортуна келтирилген 5 миллион доллар өлчөмүндөгү зыян боюнча шектүү катары кармалган аэропорттун Бишкек филиалынын директору Мирлан Бегалиев үй камагына чыгарылгандыгы белгилүү болду.
Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-октябрда кабыл алган. Бул тууралуу маалыматты соттун өкүлдөрү 14-октябрда ырасташты. Ага ылайык, Бегалиев 30-ноябрга чейин үй камагында болот.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) “Манас” аэропортундагы беш жыл мурдагы мыйзамсыз иштер аныкталганын 1-октябрда жарыялаган. Андагы маалыматка ылайык, 2014-жылы ошол кездеги аэропорттун жетекчилиги мыйзамсыз түрдө өз кызыкчылыгын көздөп, 5 миллион долларды офшордук компаниялар аркылуу чыгарып кеткен. Бул үчүн компаниянын жетекчилиги банкротко учураган ишкананын акцияларынын 100 пайызын сатып алуу боюнча келишимге кол койгон. “Майдан” гезити өткөн санда бул окуянын чоо-жайын толугу менен окурмандардын назарына салган.
Аталган иштин алкагында 30-сентябрда 2014-жылы “Манас” аэропортунун юридикалык бөлүмүн жетектеген, учурдагы Бишкек филиалынын башчысы Мирлан Бегалиевдин камакка алынганы кабарланган болчу.Демек, биздин соттордун да таза эмес иштеп жаткандыгынан шек жаралууда. Балким, аларга президент өзү көңүл бурар...
Булак: “Майдан. кg” гезити