Vesti.kg маалыматтык агенттигинде Курсан Асановдун иши боюнча жактоочу Икрамидин Айткуловдун комментарийи жарыяланган.
Ички иштер министринин мурдагы орун басарынын жактоочусу, ИИМдин жетекчилиги дагы эле тергөөгө кысым көрсөтүп жаткандыгын, мурда тергөө кызматы анын шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдама жөнөткөнүн белгилеген.
Ушуга байланыштуу, ички иштер министрлиги бул иш боюнча толуктоолорду киргизет, тергөөгө кандайдыр-бир кысымдар көрсөтүлүп жаткандыгы боюнча эч кандай сөз дагы болбош керек. Анткени, Курсан Асановдун иши боюнча иликтөөнү башынан баштап Аскер прокуратурасы жүргүзүүдө. ИИМдин башчысынын мурдагы орун басарына шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдаманы дагы Аскер прокуратурасы тапшырган. Ички иштер министрлиги аталган иш боюнча эч кандай иликтөөлөрдү жүргүзгөн жок.
Ал эми жактоочунун ички иштер органдарын жөн жерден каралоо аракеттери туура эмес иш.