Россияда дарыгерлер жетишсиз жана өлкө бул маселени башка өлкөлөрдөн адистерди тартуу менен жоюуну көздөөдө. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо, эмгек жана социалдык коргоо министрлиги мындай кадамды максаттуу жана ийгиликтүү болот деп сыпаттоодо. 

 

Аталган министрликтин маалыматына караганда учурда бир гана поликлиникаларда эле 25 миңден ашуун дарыгерлер жана 130 миңдей медайымдардын, ошондой эле башка медициналык кызматкерлердин орду бош турат. Андыктан КМШ өлкөлөрүнөн адистерди чакыртуу демилгеси медиктердин кадрдык потенциалын көтөрө алат, учурдагы орус дарыгерлери жалпы суроо-талаптын 4 пайызын гана канааттандырат. Аны менен катар башка өлкөлөргө иштеп кеткен орус дарыгерлерин да чакыруу ойлонуштурулууда. 

 

 Сырттан келген медиктерге орус паспорттору жеңилдетилген түрдө берилет.