Жарандык активист Нурлан Койлубаев президент Сооронбай Жээнбековго Кыргызстандагы түштүк-түндүк болуп бөлүнүү маселесин кантип чечүү боюнча сунушун жолдоду. Ал кайрылуусунда мындай бөлүнүү акыры жүрүп өлкөнүн эки бөлүнүшүнө жеткирүү коркунучу бардыгын белгилеген.
"Урматтуу Сооронбай Шарипович!
Учурда Кыргызстан түндүк жана түштүк болуп бөлүнөт. Бул өз кезегинде өлкөнүн аймагынын экиге бөлүнүп кетишине жеткирет. Буга өлкөдөн тыш күчтөр да кызыкдар.
Кыргызстандын аймактык бүтүндүүлүгүн сактоо максатында менин бир сунушум бар: өлкөбүздүн аймагын күндүн багытына карай Түндүк-Түштү, Чыгыш-Батыш, Түштүк- Чыгыш, Түштүк-Түштүк-Батыш кылып жети тарапка бөлүү керек.
Мындай көрүнүштө Кыргызстандын Түндүк жана Түштүк бөлүнүүсү толугу менен жоюлат жана бөлүнгүс өлкө пайда болот", - деп жазган Нурлан Койлубаев.