Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев айыпталуучуну күч менен сотко алып келүүгө болбойт дейт. Айтымында мыйзамда мындай норма жок. 

 

Белгилей кетсек Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча Биринчи май райондук сотунда алдын ала угуу өтмөк. Бирок Атамбаев ага келүүдөн баш тартты. 

 

 Маалым болгондой ушуну менен мурдагы президент экинчи угууга келбей койду. Ал УКМКнын абагындагы камерасынан чыкпай, сотко катышпай турганын билдирип, муну каршылык көрсөтүү катары баалаган. 

 

Сергей Слесарев болсо Атамбаев сотко өз каалоосу менен келбесе аны күч менен алып келүүгө мыйзам жол бербей турган6ын айтууда.