Эл аралык медициналык университетинде билим алып жаткан пакистандык студенттердин ортосунда пикир келишпестик чыгып ал мушташка айланган. Аталган окуу жайдан билдиришкендей студенттер жатаканадагы керебетти бөлүшө албай мушташып кетишкен. 

 

Университеттин маалыматына караганда чыр тиричилик себептерден улам болгон. Айыптууларга алдминистративдик чара көрүлөт. Мушташка 30дай студент катышкан. Жатаканада эки кабаттуу керебеттер бар, а студенттер ылдыйкы кабатты талашып кетишкен. 

 

Эл аралык медициналык университте студенттер тобу мушташканы тууралуу маалымат бүгүн тараган.