Ысык-Көлдө  жергиликтүү ишкерлер “Каракол” аэробекетин оӊдоо же Бөрү-Баш айылынын аймагына эл аралык стандарттагы жаӊы аэробекет куруу, аба каттамдарын ачып берүү өтүнүчү менен кайрылышууда.  Жергиликтүү тургундар жаӊы аэробекет үчүн жер тилкесин берүүгө каршы эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитет жыйынында белгилүү болду. 

 

Туризм департаментинин маалыматына караганда, 2018-жылы Кыргызстанга жалпы жонунан 1 млн 400 миӊ турист келген. Туристтердин саны негизинен Чек ара кызматынын маалыматына жараша аныкталат. Мисалы, туристтер өлкө аймагына келген жеке жактардын, ишкерлердин, иш сапарындагы адамдардын арасынан иргелип алынат.

 

Депутаттар өлкө аймагына алгачкы жолу келген туристтерге Кыргызстан жөнүндө кандай маалыматтар бериле турганына кызыгышты.

 

Туризм департаментинин башчысы Максат Дамир уулунун айтымында, 2019-жылдан тартып «Манас» аэробекетинде «Туристтик паспорт» жана «Туристтик карта» пилоттук карта долбоорлору иштей баштады. Келерки жылы «Манас» жана «Ош» аэробекеттеринде Туристтик борбор ачылмакчы. «Аэробекетте QR- код көрнөктөрү орнотулган, туристтер аны сүрөткө тартып алып таанышса болот. Ошону менен бирге, интернетте веб-портал дагы ачылган, андан дагы туристтик жайлар тууралуу кеӊири маалымат алса болот», - деп кошумчалады ал.

 

Депутат Марлен Маматалиев Туризм департаментинин башчысына туристтик жайлар жана туристтик полициянын дареги жөнүндө маалыматтар камтылган китепче менен компьютердик диск салынган «туристтик баштык» тартуулады. «Мындан департамент чыгым деле тартпайт. Сумканын чыгымын кызыкдар болгон туристтик жайлардын ээлери көтөрөт», - деди ал.

 

Андан тышкары, Иссык-Көл облусунда кышкы туризмди өнүктүрүү долбоорун ишке ашыруу учун 10 млн 580 миӊ сом көлөмүндөгү каражат талап кылынары, ЕАЭБ аймагында Каракол аэробекетин куруу маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек экени белгилүү болду. Ушу тапта ал аэробекет эл аралык статусуна ээ, бир дагы жарактуу учагы жок.