Туризм тармагы Ысык-Көл облусун өнүктүрүүдөгү артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Мындай пикирин депутат Максат Сабиров билдирди.
Эске салсак Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети “Исык-Көл облусунда кышкы туризмди өнүктүрүүдөгү көйгөйлөр жана чечүү жолдору тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун жактырды.
Демилгечилердин бири Максат Сабиров Ысык-Көлдө акыркы жылдары жайкы туризм менен чектелбей, кышкы туризмди дагы кошо өнүктүрүү аракеттери жасалып жатканын белгиледи.
«Эгерды жайкы туристтик мезгил 3 ай менен чектелсе, кышкы туристтик мезгил 4 айга чейин созулат. Мисалы, деңиз деңгээлинен 2300 метр бийиктикте жайгашкан “Каракол” тоо лыжа базасы, “Жыргалан” өрөөнү кышкы туризм борборуна айланып калды десек болот», - деди ал.
Статистикалык маалыматтарга таянсак, кышкы туристтик мезгилдин убагында, ички жана тышкы туристтерди кошкондо, Каракол шаарына 2017-жылы 24300 адам келсе, 2018-жылы алардын саны 20058 адамды түздү. Ал эми ушул эле жылдары кышкы туризмден түшкөн салыктардын көлөмү 2017-жылга салыштырмалуу 25 пайызга өскөн. Ушу тапта илимий көз карашка негизделген Ысык-Көл аймагында жерди райондоштуруунун башкы планы иштелип бүтүп калды.