Эртең, 15-октябрь күнү Бишкектин бир катар райондоруна ичүүчү суу убактылуу берилбейт.

 

Мэриянын маалыматына караганда, «Түндүк-2» суу сактагычындагы  жана суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу Манас, Чүй, Жибек-Жолу проспектилери жана Турусбеков, Журнальной, Баялинов, Рыскулов, Ю.Фучик, Ала-Арча жана темир жолдун тегерегиндеги көчөлөргө  ичүүчү суу берилбейт. 

 

Мындан улам 20 орто мектеп жана бала бакча, 10дон ашык медициналык мекемелерде да ичүүчү суу болбойт. Алар: 

  • № 73, 58, 72, 8, 165, 167, 22, «Жылдыз» бала бакчалары;
  • № 164 адистештирилген бала бакча ;
  • № 68, 31, 9; 13, 8, 2, 19 мектептери.

 

Бишкек шарынын мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим суроо менен ичүүчү сууну алдын-ала камсыздап алууну суранат.