Депутат Нурбек Алимбеков ЕАЭБдин алкагында бир гана Баткенде лаборатория курула электигин бюджет жана каржы комитетинин жыйынында билдирди.
"Бул үчүн бюджеттен 30 миллион акча каралышы керек эле, бирок 2020-жылдын бюджетине ал акча кирбеди. Ошондо баткендиктер экспорт кылбай эле койсунбу? Лаборатория ЕАЭБдин алкагында курулушу керек болчу. Бардык региондорго салынды, бир гана Баткенде курулган жок. Өндүргөн түшүмдү кантип экспортко чыгарышат?"- деди Алимбеков.
Вице-премьер министр Кубатбек Бороновдун айтымында Баткенде быйыл лаборатория салынат. Ошондой эле 2020-жылы ЕАЭБдин алкагында бардык аймактарда лаборатория курулат.