Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитетинин жыйынында "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. Бирок жыйынга каржы министри жана экономика министрлери катышкан жок. Алардын ордуна орун басарлары келди.
Депутат Мирлан Бакиров маанилүү маселеде орун басарлар эмес министрлер өздөрү келип маалымат берсе туура болоорун белгиледи.
"Биринчи вице-премьер-министр жыйынга катышып жаткандан кийин министрлер да келиши керек болчу", - деди ал.
Кубатбек Боронов министрлердин президент менен жолугушууга кеткенин, ошондуктан орун басарлары келгенин айтты.