2019-жылдын 1-октябрь күнү Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын аймагында Кызыл-Кыя ШИИБнын Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери (БМЖККК), Кыргыз Республикасынын УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте, ыкчам-иликтөө иш-чарасын алып баруу учурунда, Кызыл-Кыя шаарынын 54 жаштагы жашоочусу М.у.Ж аттуу жаранга өздүк кароо жүргүзүлүп, жанынан өзгөчө жыты бар жашыл түстөгү зат алынган. Алынган затка экспертиза дайындалып, экспертизанын корутундусуна ылайык «гашиш» баңгизаты экендиги аныкталган.

 


Аталган факты боюнча КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиинин 267-беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Кармалган жаран Кызыл-Кыя ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди.

 


Ошол эле күнү Кызыл-Кыя шаарынын аймагында мурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиндеги баңгизатка байланышкан беренеси менен бир нече жолу соттолуп, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын Кызыл-Кыя шаарындагы №43 жатак абагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан, Кызыл-Кыя шаарынын 49 жаштагы тургуну Б.С. аттуу жаранды тинтүү учурунда жанынан өзгөчө жыты бар жашыл түстөгү зат алынган.

 

Ал зат экспертизанын корутундусуна ылайык «гашиш» баңгизаты экендиги аныкталып, аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө жана жаран Б.С. убактылуу кармоо жайына киргизилди.