“Геология-экономикалык иликтөөлөр экспедициясынын кыргыз методологиясы” мамлекеттик ишкананын директору Жаныбек Дүйшеев кол алдында иштеген кызга мейманканага барып, каалоосун канааттандырып берүүсүн сунуштаган. Анын “акысына” кызды жумуштан бошотпоого убада берген.

 

А. К. Г. аттуу айымдын “Вести” сайтына айтып бергенине караганда Дүйшеев ага дейре кызды чакырып ал иштеп жаткан жарым ставка ушул айдын аягында бүтөөрүн айткан. Анан качан жумуштан кетээрин сураган. А кыз ушул жерде эле иштөө ниети бардыгын билдирген. Ошондо жетекчи жарым ставкана узартууну сунуштап, бирок ал үчүн бир шарт койгон. Кыз аны түшкү тамакка чакыруусу керек эле. Анан кайра түшкү тамакка өзү чакыраарын, а бирок кыз аны менен мейманканага барышы керектигин белгилеген. А кыз иш бөлмөдөн чыгып кеткен.

 

Кыз коридорго чыгып, телефонундагы видеону жандырып, чөнтөгүнө салып кайра кабинетке кирген. Дүйшеев мейманкана издегенин бирок таппай койгонун айткан.

 

“Биз чоңойуп калган адамдарбыз. Чогуу болобуз. Сага да, мага да жакшы болот. Сиз иштей бересиз, эч ким иштен кетире албайт”, - деген жетекчи. А кыз күйөөсү бардыгын айткан. Бул дагы жетекчини ойлонткон эмес: “Менин деле аялым бар. Мен аялыма айтпайм да сиз да күйөөңүзгө айтпаңыз. Түшкү тамак учурунда бир саатка барып келип турабыз бул жөнүндө эч ким билбейт”, - деген жетекчи.