Өкмөт башчы Абылгазиев Бишкектеги жеке менчик фитнес-клубдун ачылыш аземине катышып, лентасын кести. Бул тууралуу интернетке жарыяланган сүрөттөн улам белгилүү болду.
Интернет колдонуучуларына өкмөт башчы менен депутаттардын фитнес-клубдун ачылышына барганы жаккан жок. Алар мамлекетте мамлекеттик ишканалар ачылбагандыктан аткаминерлердин күнү жеке менчик фитнес-клубга түшкөнүн белгилешти.