Самбо боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында Кыргызстандан барган спортчулар эки медаль алышты. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча эл аралык федерациядан билдиришти.
Маалыматка караганда таймаш Өзбекстандын Ташкент шаарында болгон жана 13-октябрда соңуна чыккан. Жыйынтыктоочу күнүндө 56 кг салмактагы категорияда күрөшкөн Жусуп Шакиров коло медаль алды.
Ага дейре Алай Сартов дагы коло медалга татыктуу болгон.