Бишкекте жеңил автоунааны айдаган жаш жигит маршрутканын орто курактагы айдоочусун жол ортосунда сабап салган. Интернетке күбөлөр тарабынан тартылып алынган видео тарады. Азырынча мушташка эмне себеп болгону белгисиз. Ал эми Бишкек ШИИБи окуя Чыңгыз Айтматов атындагы проспектиде болгонун жана сабаган жигит издөөгө алынганын билдирди.