Бүгүн, 11-октябрда Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча угуу башталды. Бул иш боюнча мурдагы 19 аткаминер айыпталып жатат. Алардын бешөө тергөө менен кызматташуудан баш тарткан. Мисалы мурдагы президент Атамбаевдин адвокаты Слесарев бул иште Атамбаевдин эч кандай күнөөсү жоктугун, күнөөсүн далилдечү далилдер да табылбай турганын айтууда.
Сотко учурда мурдагы башкы прокурорлор Салянова менен Жолдубаева келишти. Ал эми массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн процесске катыштырышпайт. Анткени угуу жабык режимде өткөрүлөт.