"Ата-Журт" партиясы 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого өзүнчө, тагыраагы Республика партиясы менен эмес, өзүнчө катышат. Бул туурасында аталган партиядан билдиришти.
Маалымдалгандай партияны Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиев жетектейт.
Белгилей кетсек, 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо “Ата-Журт” “Республика” менен биригип, “Республика-Ата Журт” фракциясы деп түзүлгөн. Ошондон бери эки партия азыркы парламентте ишмердүүлүгүн бирге жүргүзүп келет.
Бирок буга чейинки “Ата-Журттун” съездинде биргелешкен бул партиялар 2017-жылдан бери эки башка жолго түшкөнүн айтышкан.
Эскерте кетсек, Республика-Ата-Журт партиясы 2014-жылдын 20-октябрында расмий катталып, 2015-жылдагы парламенттик шайлоого катышкан. Андан эң көп добуш алган партия катары Жогорку Кеңештеги 6 фракциянын катарына кошулган.