2019-жылдын сентябрь айынын аягында Ош шаарынын тургуну мамлекеттик органдардын биринин кызматкери пара талап кылып жаткандыгы жөнүндө арыз менен ички иштер органдарына кайрылган. Арызында Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун филиалынын бөлүм кызматкери өндүрүш обьектисинин документерин бүтүрүү үчүн уруксат макулдук кагазын берүү үчүн 10 000 сом акча каражатын сурап жаткандыгын билдирген. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 


Жогорудагы жазылган арыз ИИМнин Тергөө кызматы (Ош ш.) тарабынан КЖБРне катталып, Кыргыз РеспубликасынынЖазык кодексинин 238-беренеси (Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу) менен сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлө башталган. Тергөө тапшырмасынын негизинде ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.


ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүшүндө Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун Оштогу филиалынын жетектөөчүлүк курамынын кызматкери 10000 (он миң) сом акча каражатын алган учурда кармалды.


Бүгүнкү күнү ИИМдин Тергөө кызматы (Ош ш.) тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши каралууда.