Кыргызстандын тышкы карызы 4,5 млрд АКШ долларын түздү, анын жарымы жол тармагына алынган, бирок ага карабастан дагы деле бир топ жол, анын ичинде ремонттолгон жолдор кайрадан оӊдоп-түзөө муктаждыгына кептелүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев айтты.
«Дээрлик баардык жерлерде оор жүк ташуучу унаалар үчүн таразалар орнотулса дагы, төшөлгөн асфальттын бузулушуна оор жүк ташуучу автонуулар себеп болууда»,- дейт депутат.
М.Маматалиев Сосновка өткөрүү пунктундагы оор жүк ташуучу унааларды таразадан өткөрүүдө 20 миӊдей оор жүк ташуучу унаадан жүгүнүн тиешелүү өлчөмдөн көп болгондугу үчүн болгону 275 унаага гана протокол түзүлгөндүгүн баса белгиледи. Мындан улам эл өкүлү адам фактору катышпагандай кылып мыйзам долбоорун иштеп чыккандыгын билдирди.
Жыйын жүрүшүндө Депутат Азизбек Турсунбаев дагы бул боюнча маселе көтөрүп, Ала-Бука-Аксы-Чаткал жолдорунда оор жүк ташуучу унаалар тиешелүү өлчөмдө жүк ташыбай, асфальттанган жолдор бузулуп жаткандыгын айтып чыкты.