Жаш мугалимдердин турмуш-тиричилигин оңдоого мамлекет жардам бериши керек. Мындай пикирин депутат Карамат Орозова Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал жаӊы шайланган Билим берүү, илим министрине билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча сунуштарын жолдоду.
Айтымында аймактык мектептердеги мугалимдердин жетишсиздигин жоюу үчүн жаш мугалимдерге үй берип, аны 10-15 жылдан кийин менчиктештирүүгө укук берүү же айлыгына кошумча каражат бөлүү керек. Ошондой эле региондордогу жогорку окуу жайларында айрым факультеттерди же бөлүмдөрдү кыскартпай, алардын ордуна колледж же лицейлерди уюштуруу зарыл.