КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жападан жалгыз тик учагы 2008-жылдан 2013-жылга чейин ижарага берилип келип, 2013-жылы учуу ресурсу түгөнүп, иштен чыккан. Ал эми ижарага төлөнүп келген каражат дагы кайда жумшалганы белгисиз.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Турусбеков билдирди.
«Андыктан, бул тик учактын айланасында болуп жаткан сөздөргө чекит коюуга убакыт жетти»,- деген депутат Өкмөткө маселе койду.
Ошондой эле депутат Улан Примов Бишкек-Ош аба каттамында 3 каттам ишин токтотулганын айтып, өлкөнүн авиа тармагында абал оорлошуп бара жаткандыгы белгиледи.