Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун дагы бир сүрөтү коомчулуктун талкуусуна кабылды. Бул сүрөттө ал Бажы кызматынын учурдагы төрагасы Алтынбек Торутаев жана бажы кызматташтыгы боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын министри Нурлан Акматов менен кучакташып түшкөн.
"Дело №" гезити сүрөттү жарыялап, редакцияга окурман жөнөткөнүн жана "бул -бажынын өңү экенин" белгилеген.