Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов  трассаларда жүрүү ылдамдыгын 90 км/саатан 110 км/саатка чейин көтөрүү чечими кабыл алынып, азыр тийиштүү чаралар көрүлүп жатканын билдирди. 

 

Эске салсак,  Жогорку Кеӊеште 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген кодексти өркүндөтүү жана бузуулардын айрым категориялары үчүн айып пулдардын окшош өлчөмдөрүн белгилөө максатында иштелип чыккан “КР Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

 

Депутат Зиядин Жамалдинов мыйзам баардык жарандарга бирдей иштеши керектигин айтты.

 

“Айрым категориядагы айып пулдардын өлчөмү 3 миӊ сомдон 1 миӊ сомго чейин азайтылып жатыптыр. Аны ыгы жок азайта берүүнүн зыяндуу жактары да бар, муну дагы эстен чыгарбаш керек. Башкы максат айып пулду азайтуу эмес, жол коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат. Жолдо жүрүү эрежелерин одоно бузган адамдар ошого жараша айыбын тартышы зарыл. Ошондо тартип болот”, - деди депутат.

 

Ал эми депутат Жанар Акаев айып пулдардын өлчөмү азайтылганы менен, жолдогу видеокамералар көбөйтүлүп, көзөмөл күчөтүлө турганын билдирди. Ал жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу кызматкерлерин жарандарды бошоӊдотпой, азыртан түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды.