Жогорку Кеӊеште 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген кодексти өркүндөтүү жана бузуулардын айрым категориялары үчүн айып пулдардын окшош өлчөмдөрүн белгилөө максатында иштелип чыккан “КР Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – депутаттар тобу.
Депутат Улугбек Ормоновдун айтымында, мыйзам долбоору айып пулдардын өлчөмүн азайтууга багытталган.
“Кодекстин 123-беренесинде адилеттик принциби сакталган эмес. Алсак айдоочу тарабынан токтотуу жана токтото туруу эрежелерин бузгандыгы үчүн светофордун тыюу салуучу белгисинен өтүп кетүү же болбосо жол тескегичтин тыюу салган көрсөтүүсүнө баш ийбөө сыяктуу жоопкерчилик каралган.
Анчалык олуттуу эмес бузууларга жогорку айып пулдардын туура эмес коюлушуна нааразы болгон жарандардын кайрылуулары көбөйүп барат. Социалдык түйүндөрдө бузуулардын айрым категориялары боюнча обужок жогорку айып пулдардын коюлгандыгы үчүн мамлекетти сынга алып жатышат. Ошондуктан, бул мыйзам долбоору жарандардын мамлекеттик бийлик органдарына карата ишениминин деңгээлин жогорулатууга, “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин жүзөгө ашырууга өбөлгө түзөт.
Мыйзам долбоорун колдой турганын билдирген депутат Сайдулла Нышанов жолдо автомашиналардын жарыгын жагып жүрүү лампочка өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгын көздөгөн коррупциялык талап экенин, азыр эл аралык тажрыйбада андай талап жокко чыгарылып жатканын белгиледи. “Автомашиналардын жарыгын жагып жүрүүдөн жол кырсыгы азайып деле кеткен жок, аны жоюп салыш керек. Ошондой эле, чоӊ трассаларда жүрүү ылдамдыгын да көбөйтүү зарыл”, - деди ал.