Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү.
Өкмөт башчы жыйынынды ачып жатып, ишкерликти колдоо жаатында көрүлүп жаткан чараларга токтолду.
Ал жыйынындын катышуучуларынын көңүлүн жылдын башында аймактарга инвестиция алып келген бизнести, ишканаларды текшерүүгө мораторий киргизилгенине, аларга олуттуу салыктык жеңилдиктер берилгенине, социалдык которууларды башкарууну Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан салык кызматына өткөрүп берүү иши жыйынтыкталганына, бизнес-акыйкатчы институ иштеп баштаганына бурду.
«Ушул жана башкалар алгачкы натыйжаларын көрсөтө баштады. 2018-жылдын жыйынтыгы менен чет элдик түз инвестициянын агымы 40 % көбөйдү. 2019-жылдын биринчи алты айынын жыйынтыгы менен жогорулоо көрсөткүчү 60% түздү. Тышкы соода балансынын дефицити 450 млн АКШ долларына кыскарды. Ишкерлер үчүн ишкердик чөйрөнү жакшыртуу боюнча реформа жүргүзүүдө прогресс көрсөткөнү үчүн Бүткүл дүйнөлүк банктын «Doing Business» рейтингинде биздин мамлекет дүйнөдөгү өлкөлөрдүн топ-20 кирди.
Салыктык башкарууну жакшыртуу, электр энергиясына кошулуу жана насыяга жеткиликтүү болууну жакшыртуу чөйрөлөрүндө жүргүзүлүп жаткан реформалар белгиленди. Мунун бары биздин ишкерлер үчүн эң маанилүү жана аярлуу чөйрө.
Инвестициялык климаттын баасы боюнча кадырлуу эл аралык рейтингде эки жылдан бери прогрессти көрсөтүп келе жатабыз», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.
«Кен тармагынан көз карандысыздыкты азайтуу максатында экономиканы диверсификациялоо үчүн чараларды көрүү зарыл. Экономиканы өнүктүрүү темпин, анын ичинде ири экономикалык долбоорлорду ишке ашырууну арттыруу абзел. Ири жана стратегиялык инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга аракеттешүү үчүн вице-премьер-министрлердин деңгээлинде кураторлук аныкталган. Бул чара келип чыккан көйгөйлөрдү ыкчам чечип, инвесторлордун ишеним деңгээлин жогорулатат», – деп баса көрсөттү ал.
Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, Өкмөт ишиндеги артыкчылыктардын бири бизнес чөйрө менен бирге аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү болуп саналат.
«Биз салык процедураларын фискалдаштыруу программаларын ишке ашыруу аркылуу ишкерлер менен фискалдык органдын ортосундагы байланышты болушунча азайтууну улантабыз», – деп белгиледи Премьер-министр.
Өз кезегинде бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит Кеңештин мүчөлөрүнө бизнес-акыйкатчы институту өз ишине киришип жатканы тууралуу маалымдады.
Анын айтымында, жергиликтүү бизнес-коомчулук бизнести коргоодо жетиштүү тажрыйбага ээ жана ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн инвестициялык климатты жана бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча күч-аракеттерин толук колдойт.
Робин Орд-Смит белгилегендей, Улуу Британиянын жараны экендигине карабастан, ал чет өлкөлүк жана жергиликтүү ишкерлердин кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык күч-аракетин жумшайт.
Премьер-министр белгилегендей, чет өлкөлүк жаранды ишкерлердин коргоочусу катары дайындоо аркылуу Өкмөт кыргыз экономикасына инвестиция салууну каалаган инвесторлорго ишеним берген белги кылат.
Премьер-министр бизнес-акыйкатчынын эки орун басарын – Нурлан Мусуралиевди жана Сергей Пономаревду тааныштырып, ишкерлерди коргоодо алардын чоң тажрыйбасы бар экендигин белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндө «Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетине ишкерлик субъекттеринин отчеттуулугун жөнөкөйлөштүрүү жөнүндө» маселе каралды.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы жылдан тартып ишкерлер документтердин оптималдаштырылган тизмеси боюнча отчет берүүлөрү үчүн бул багыттагы иштерди тездетүүнү тапшырды.