8-октябрда Түштүк Кореяда өткөн Пусан эл аралык кинфестивалында режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Жөө күлүк" тасмасы көрсөтүлдү. Бул тууралуу тасманын продюсери Алтынай Койчуманова билдирди. 

 

Айтымында тасма көрсөтүлгөн учурда көрүүчүлөр залга толгон. Тасма англис жана корей субтитри менен көрсөтүлгөн. Көрүүчүлөр абдан жылуу кабыл алышты.