КСДПнын төрага орун басары Кундуз Жолдубаева ИИМдин тергөө кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу ал өзү билдирди.
«Бүгүн мага ИИМге саат 12.00гө күбө катары суракка чакырган чакырыкты беришти. Бирок аны алып келген милиция кызматкерлери азыр алар менен чогуу барышым керектигин айтып жатышат. Айтылган убакытта барам десем тергөөчүлөр азыр барышымды талап кылышканын айтышты», - деген Жолдубаева адвокаты экөө айтылган убакытта барууну чечишкенин белгилеген.