Бул тууралуу ал өзү өкмөттүн алдындагы Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин 8-октябрдагы жыйынында билдирди.
Робин Орд-Смит кыргыз өкмөтүнүн инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча аракеттерин колдой турганын айтып, жергиликтүү бизнес-коомчулук бизнести коргоодо жетиштүү тажрыйбага ээ экенин белгиледи. Мындан тышкары ал Улуу Британиянын жараны экенине карабастан, чет өлкөлүк жана жергиликтүү ишкерлердин кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын кошумчалады.
Өз кезегинде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чет өлкөлүк жаранды бизнес-акыйткачы кылып дайындоо — кыргыз экономикасына акча салууну каалаган инвесторлорго ишеним берерин белгиледи.