Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактагы башкармалыгынын кызматкерлери билдиришти.
Кызыл-Кыядагы окуя 6-октябрда түштөн кийин болду. Кырсык үч адамдын өмүрүн алганы кабарланды. Бирок кырсыктын башка жагдайлары азырынча белгисиз.
Ал эми Сүлүктү шаарындагы шахтадагы каргаша 5-октябрда болгон. Көмүр казылган жайдан чыккан газга ууланган беш адамдын үчөө мерт болгонун дарыгерлер тастыкташты. Каза болгондор бир туугандар экени кабарланды. Жабыркаган эки адамдын абалы канааттандырарлык.
Мамлекеттик экотехинспекциянын билдиргени боюнча, 2017-жылы кендерде өндүрүш маалында 26 кырсык катталып, 24 адам каза болгон. 2018-жылкы шахтада каза болгон адамдардын саны так эмес.
Экотехинспекциянын кызматкерлери аталган шахталарга каза болгон жана жабыркаган адамдар уруксатсыз, өз алдынча кирип алышып, көмүр казышканын билдиришүүдө. Бул деген “биздин күнөөбүз жок, өздөрү айыптуу”,- деген эле сөз болуп саналат. Анда эмне үчүн ушул эле экотехинспекция, жергиликтүү бийлик жана башка көзөмөлдөөчү органдар учурунда текшерип, аларды токтотуп калышкан эмес? Бул бизде ар ким өз каалаганын жасап, мамлекеттин байлыгын уурдап-тоной берет, кырсык болсо биз жооптуу эмеспиз деген өзүнүн артын тазалоонун гана аргасы.
Дегеле, Кызыл-Кыя менен Сүлүктү шаарларындагы шахталарда эч кандай коопсуздук эрежелери сакталбайт жана мамлекетке казылган көмүрдүн өлчөмүнө жараша салык төлөнбөйт. Себеби ал бюджетке түшө турган акча жергиликтүү “көмүр мафиясынын” чөнтөгүнө түшөт. Айтор президент былтыр Ошко барганда “Коррупция аймактарда да бар, силерге да жетебиз...”,- деген сөзү чын жана тезирээк аймактардагы көмүр шахталарын көзөмөлгө албаса, шахтёрлор мамонттордой эле кырылууда.
Булак: “Майдан. kg” гезити