Кыргызстан улуттук курама командасынын коргоочусу Азамат Байматов 10-октябрда боло турган  Кыргызстан-Мьянма беттешине катышпайт. Футбол Федерациясынан маалыматына караганда оюнчу жараат алган. 

 

Оюнчу алган жараатынан улам дүйнө чемпионун  тандап алуу таймашынын алкагындагы Кыргызстан - Мьянма беттешине катышпайт. Анын ордуна "Алай" клубунун футболисти Акрам Умаров учурда команда менен биргеликте машыгууларга катышууда. 

Белгиленгендей Умаров ушул кезде команда менен биргеликте машыгууларын өткөрүп жатат.

Кыргызстан менен Мьянма беттеши 10-октябрда саат 20:30 да Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы спартак стадиондо болот.