Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдун  Арменияга  элчилик кызматка талапкерлигин Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитети жактырды. Жекшенкулов Москвадагы резиденцияны айкалыштыруу менен аталган мамлекетке да элчи болоору айтылган. 

Аталган комитеттин жыйыны  бүгүн, 8-октябрда болду. Жекшенкуловдун талапкерлигин депутаттар добуш берүү менен чечишти. 

Эске салсак Аликбек Жекшенкулов Кыргызстандын Россиядагы элчиси болуп 2019-жылдын январь айында бекиген.