ТИМдин орун басары Мадмаров депутаттарга Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловду Арменияга да элчи кылуу маселесин айтты. Бирок айрым депутаттар буга каршы болушту. 

 

Депутат Бахадыр Сулейманов эки мамлекетке элчи болуу жоопкерчиликти эки эсе арттыраарын белгиледи. 

 

 “Армения ага ашыкча жүк. Армения кайда жатат, а  Москва кайда?   Грузия, Армения, Азербайжан жакын эмеспи. Эмнеге ушул мамлекеттердин элчилиги чогуу болбойт?”, -деди Сулейманов.

 

Депутаттын суроосуна жооп кылып Мадмаров Азербайжан менен Арменияда бир элчилик ачуу мүмкүн эместигин билдирди. Айтымында аталган мамлекеттердин ортосунда маселе бар. Армения Россия сыяктуу эле ЕАЭБге кирет жана ЖККУнун мүчөсү,  ошондуктан  аккредитациядан   Жекшенкуловду өткөрүшкөн.