Эл аралык Дзюдо федерациясынын сайтындагы маалыматка караганда 5-6-октябрь күндөрү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча Азия кубогу үчүн мелдеш болуп өткөн.  Мелдешке 6 өлкөнүн спортчулары келген. 

Жыйынтыгында Кыргызстандын курамасы 5 алтын, 6 күмүш жана 8 коло медалга ээ болушту. 

Алтын медаль Анарбек Ишенбаев (90кг), Айбек Абибеков (100 кг), Сыймык Жапаров (100 кг жогору), кыздар арасында Мырзайым Дүйшөбекова (52кг) жана Шахида Нурмухамедовага (78кг жогору) тийген.  Күмүш медалга  Артур Апышов (66кг), Алманбет Мамадаиров (100кг), Алиман Маликова (52кг), Назгүл Дамиров (57кг), Айчүрөк Молдокматова (70кг), Уланай Салиева (78кг жогору) ээ болду. 

Ал эми  Байбол Саламат уулу (66кг), Амантур Жумалы уулу (81кг), Дастан Сарбатов (100 кг жогору), Айсулуу Мусакулова (48кг), Сауле Алмазова (52кг), Сабрина Жаныбек кызы (57кг), Диана Хан (57кг) жана Ажар Исаева (63кг) коло медаль тагынышты.