КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, Атамбаевдин активдүү тарапташы  Алга Кылычев мурдагы президентке каршы көрсөтмө берди. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев билдирди.

 

«Кылычев тергөө менен кызматташууга барып каршы көрсөтмө берди», - деди адвокат.

 

Тарапташ каршы көрсөтмөсүн бир гана Атамбаевге эмес, Кундуз Жолдубаевага, Амантур Жамгырчиевге, Мээрбек Мискенбаевге да жолдогон.

 

Эске салсак булар Кой-Таштагы 7-8-августта болгон окуянын негизинде айыпталышкан. Алга Кылычев эки айга камакка алынган.