Бишкектеги ресторандардын биринде Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы катышкан иш чара болуп, ага саясатчылар жана ишкерлер да келишкен. Алардын арасында Бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жүргөнү коомчулукта көп суроону жаратты.
Футбол Федерациясы иш чарага атамекендик футболго демөөрчүлүк кылгандар чакырылганын белгиледи. Ошондой эле банктын өкүлдөрү, элчилер да келгенин кошумчалашты.