Бишкекте 13 жаштагы  Киемова Мадина Изатовна дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

 

Маалыматка караганда Волков көчөсүндө жашаган Мадина   28-сентябрда болжол менен саат 19:00дө үйүнөн чыгып кеткен. Ошол бойдон дайынсыз

 

Кийген кийимдери:  «PUMA» деген жазуучу бар ак түстөгү спорттук кофта, кара түстөгү шым, ак түстөгү бут кийим.

 

Белгилери: бою 163-165 см, салмагы 50-55 кг, орточо дене түзүлүштөгү, чачы узун, күрөң, кашы күрөң.

 

Милиция кызды көрүп-билгендер болсо  төмөнкү номерлерге байланышууну суранат: 312 56-17-52, 0554 102-148, 0705 999-953, 0703 102-261, 312 56-32-48 же 102.