Бишкектеги №18 автобустун айдоочусу кармалганын Чүй жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда автобустун 34 жаштагы айдоочусу С. Н. Достук айылында жүргүнчүлөрдү түшүргөн. Акыркы болуп 11 жаштагы бала түшкөн, анын кийими автобустун эшигине кыпчылып калган. Айдоочу баланы көргөн эмес ошондуктан аны арткы оң дөңгөлөгү менен тебелеп кеткен. Учурда тийиштүү экспертизалар бекитилди. Факт кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталды.