Ленинград облусундагы Вологда-Тихвин-Кола трассасында 2-октябрда таң эрте жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 37 жаштагы аял көз жумду.
Жергиликтүү басылмалардын жазганына караганда жол кырсыкка кириптер болгон автоунааны кыргызстандык айдап бараткан. Ал рулду башкара албай калып каршысында велосипед менен келаткан 37 аялды сүзүп, аял окуя болгон жерде көз жумган.
Кыргызстандыктын документин текшерүүдө буга дейре Россиянын миграциялык мыйзамын бузганы үчүн өлкө аймагына 2021-жылга чейин кирүүгө тыюу салынганы аныкталган. Учурда абал иликтенүүдө. Айдоочу камакка алынды.