"Коопсуз шаар" долбоору ишке активдүү кирип жатат", - деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-октябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан «Борбордук Азиядагы санарип трансформациясы» конференциясында.

 

"Бул долбоор — Өкмөт пайда издөөчү экономикалык долбоор эмес, ал жол кырсыктарын азайтууга, адам өмүрүн сактоого багытталган долбоор экенин баса белгилейм. Бул долбоор ишке киргенден тартып жолдо жүрүү эрежесин бузгандар 50 пайызга азайды. Жол кырсыгынын саны эки эсеге жакын кыскарды", - деди ал.

 

Ошондой эле сот системасын, прокуратура органдарын санариптештирүү жүрүп жатканын белгиледи.

 

"Бул чөйрөлөрдө ачык-айкындуулук орнотула баштады. Социалдык чөйрөнү санариптештирүүдө айрым жетишкендиктер орун алды. Электрондук китеп, электрондук кезек, мобилдик түзүлүш аркылуу төлөмдөр сыяктуу жаңылыктар пайда болду. Адистердин жана жетекчилердин санариптик квалификациясын көтөрүүгө багытталган масштабдуу окутуулар жүрүп жатат.  Санарип технологиясынын маанисин жана пайдасын түшүнүп, бул процесске катышкан жарандардын катары өсүүдө. Алардын мамлекеттик органдар менен болгон байланыштарында чиновниктин катышуусу азайып, техникалык каражаттарды пайдалануу арбындоодо.

 

Ошентсе да, кырдаалга объективдүү баа берип, алдыда дагы көп иштер аткарылаарын белгилейбиз.    Жакынкы жылдарга коюлган максаттарыбыз  төмөнкүлөр:  Биринчи, санарип технологиялары мамлекеттик жана муниципалдык кызматты олуттуу өзгөртөт. Жарандардын талабын тез аныктап, коомдун муктаждыгын ыкчам „өлчөп“, кечиктирбей чечим кабыл алуу үчүн „санарип чечимдери“ кеңейет жана тереңдейт. Чечимдерди кабыл алуунун айкындыгы, жарандар менен болгон байланыштын ачыктыгы жана ыкчамдыгы санарип аркылуу жаңы деңгээлге чыгат.

 

Санариптештирүү — мамлекеттик органдардын   эффективдүүлүгүн жогорулатат, адам факторун азайтат, коррупцияны кыскартат.   Ар кайсы кырдаалга ыкчам жооп берген, мобилдүү жана ийкем мамлекеттик башкаруу —   мамлекеттик кызматкерлердин мобилдүү болушун шарттайт", - деди мамлекет башчы.