"Азыркы учурда санарип технологиялары дүйнө экономикасынын жүзүн өзгөртүп, бардык өлкөлөр үчүн глобалдык процесстерге кеңири катышуу мүмкүндүгүн жаратты", - деди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-октябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан «Борбордук Азиядагы санарип трансформациясы» конференциясында.

 

Мамлекет башчынын айтымында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу үчүн мамлекеттик башкарууда, бизнесте жана коомдо жаңылыктарды кабыл алууга даяр чөйрөнү түзүү керек. Ошондой эле президент өзгүрүүлөрдөн качпай, жаңыланууну ыкчам кабыл алып, турмушка тездетип киргизген өлкөлөр гана ийгиликке жетип жатканын белгиледи.

 

"Биз дагы башка мамлекеттерден артта калбай, заманбап коомду куруп, глобалдуу санарип экономикасында өз ордубузду табууга умтулуп жатабыз. Санариптештирүү боюнча өлкөбүздү региондогу алдыӊкы орунга алып чыгууну максат кылдык.  Бирок, бул максатка жетүүгө кедерги болуп жаткан бир катар көйгөйлөрдү кечиктирбей чечүү зарыл.   Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта санарип технологиялары терең колодонулбай келген. Санарип инфраструктурасынын начардыгы -бизнестин сапаттуу продукция чыгарып, атаандаштыкка жөндөмдүү болушуна тоскоолдуктарды жаратууда.  Кеӊири тилкелүү интернеттин жоктугунан, айыл жергесине санарип технологиялары толук жете элек. Бул өлкөнүн, өзгөчө региондордун өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизген фактор.

 

Ушул жана башка көйгөйлөрдү тездик менен чечүү үчүн — менин Жарлыгым менен 2019-жыл — региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыяланган. Бул багытта комплекстүү иштер аткарылып жатат. Кудайга шүгүр, өлкөнү санариптештирүү боюнча алгачкы жыйынтыктар көрүнө баштады. "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук системасы аркылуу Мамлекеттик органдардын маалымат алмашуусу жолго коюлду, - деди президент.