Депутат Айнуру Алтыбаева энергетикалык алкоголсуз жана алкоголдук суусундуктарды сатыктан алып салууну демилгелөөдө. Бул тууралуу ал өзү билдирди. 

 

Айтымында алкоголдук продукцияларды жүгүртүү боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган. Мыйзам долбоорунун негизи Россиянын мыйзамынан алынган. 

 

 Ал белгилегендей Россия чыйралтуучу аз өлчөмдөгү алкоголь бар суусундуктардын адамдын организмине тийгизген таасирин иликтеп чыгып буга тыюу салган. Аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри кофеин курамында бар алкоголдук суусундуктардын психикага тийгищген терс таасири аныкталды деп эсептейт. 

 

 "Биздин дүкөндөргө аны сатууга тыюу сала албайбыз. Буга тийиштүү көзөмөл жок. Жеке дүкөндөрдө мындай суусундуктар дагы деле сатылып жатат. Ошондуктан энергетикалык суусундуктарды такыр эле сатыктан алып салыш керек. Биз бул кылганыбыз менен балдардын ден соолугун сактап калабыз", - дейт депутат.