Жогорку Кеӊеште кесиптик бирликтердин укуктары менен ыйгарым укуктарын кайрадан ыраатташтырууга багытталган “Кесиптик бирликтер жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар тобу.

 

Социалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Алмазбек Токторов “Кесиптик бирликтер жөнүндө” мыйзам мында жыйырма жыл мурда кабыл алынгандыктан, азыркы учурдун талабына толук жооп бербей калганын баса белгиледи. “Кесиптик бирликтер – коом турмушунда өз орду бар уюм. Ошондон улам, алардын укуктарын кайрадан тактоо зарылдыгы жаралды”, - деди ал.

 

Баяндамачы кесиптик бирликтердин иш-аракетин талдоо жыйынтыгы бул тармакта көптөгөн көйгөйлөрдүн бар экенин көрсөткөнүн, алардын иш-аракетинде бирдиктүү саясат болбой жатканын айтты. “Кесиптик бирликтердин борбордук бирикмеси тармактык жана аймактык бирликтер менен ырааттуу иш алпара албай калды, бирликтер менен алардын мүчөлөрүнүн кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилиги жок”, - деп кошумчалады Алмазбек Токторов.

 

Андан тышкары, жумуш берүүчүлөр менен аны аткаруучулардын ортосунда социалдык пикир алышуулар начарлап баратканы белгилүү болду. Мындай абал коомдогу туруктуулукка терс таасирин тийгизүүдө. Ошого байланыштуу Мыйзам долбоорунда кесиптик бирликтин уставына карата милдеттүү талаптарды бекемдөө, алардын укуктарын конкреттештирүү чаралары сунушталууда.

 

Жыйын жүрүшүндө кесиптик бирликтердин федерация өкүлдөрү мыйзам долбооруна каршы экени белгилүү болду. Алардын пикиринде, учурдун талабына жооп берген жаӊы мыйзам керек, бирок депутаттар тобу тарабынан сунушталып жаткан өӊүттөгүдөй мыйзам эмес, кесиптик бирликтердин ишин калыс карап, толук камтый турган бирдиктүү ченемдик укук актысы керек.

 

Ал эми депутаттар кесиптик бирликтерде, айрынча анын борбордук бирикмесинде башаламандык өкүм сүрүп, жетекчилери өз билгенин жасап калгандыктан, анын көп мүлкү мыйзамсыз сатылып кеткенин, азыр дагы четинен сатылып жатканын белгилешти. Кесиптик бирликтерде чогулган акчаны уурдоо жана каалагандай чачуу фактылары кеӊири орун алганы тууралуу да айтылды. Ошондой эле, Кыргызстандын кесиптик бирикмесинин башчысы өз уюму жөнүндө мыйзам долбоору талкууланган жыйынга катышпаганы үчүн катуу сынга кабылды.

 

Депутат Улукбек Ормонов кесиптик бирликтердин карамагындагы жерлер менен мүлктөр жеӊ ичинен сатылып жатканын билдирди. “Кесиптик бирликтин мүлкү анын азыркы жетекчилеринин жеке менчиги эмес, ал жалпы элдин каражатынан куралган. Менимче, мыйзамды дагы катуулатуу керек. Мүлк толугу менен мамлекеттин карамагына алынып, анан ал кесиптик бирликтердин убактылуу ишенимдүү башкаруусуна берилүүгө тийиш. Ошондо көзөмөл болот, тартип орнойт”, - деди ал.